Энергетикалык компанияларды бириктирүү процесси бир айдын ичинде бүтөт.
Бул тууралуу министр Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, бөлүштүрүүчү компаниялардын бир бөлүгү "Улуттук электр тармактарына", ал эми "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы "Электр станцияларына"кошулат.
Муну менен энергетикалык компаниялардын чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүн болору айтылууда.
Үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жаңы энергетикалык кубаттуулуктар ишке киргизилет, ошондой эле жабдуулар оңдолот.