Садыр Жапаров Түркияга учуп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.

Расмий иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:

Президентин жубайы Айгүл Жапарова;

тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

Президенттин Администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;

саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри [b]Кайрат Иманалиев[/b];

коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;

айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД