Бишкек мэриясынын атын колдонгон алдамчылар пайда болду

Борбор калаанын мэриясы алардын атын жамынган алдамчылар пайда болгонун кабарлады.

Ага ылайык, белгисиз адамдар мэриянын жетекчилеринин атынан шаар тургундарына, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине социалдык тармактардан жазып, ар кандай шылтоолор менен акча которууну өтүнүшүүдө.

Буга байланыштуу мэрия шаары тургундарын мындай алдамчыларга ишенбөөгө жана андай кайрылуу болсо дароо милицияга кабарлоого чакырат.

"Бишкек шаарынын мэриясы бул сыяктуу акча чогултуу менен эч качан алектенбейт. Биздин жетекчилер жана кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн эрежелерди так сакташат. Мэриянын кызматкерлеринин эч кимиси андай өтүнүч менен жеке каттарды жазбайт. Маалыматтарды расмий булактардан текшериңиздер, эгер алдамчылык фактысын байкасаңыз дароо 102 номуруна же 610775 номурундагы мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кабарлаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД