ИИМ: Инандыны издөө боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар активдүү жүрүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө милиция кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, териштирүү жана тактоо иштерин улантууда.

Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын, алгачкы текшерүү органынын жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында башка кылмыштардын жана жоруктардын дагы бетин ачышты.

Алсак, 2021-жылдан 1-7-июнь айына чейин 164 кылмыш менен жоруктардын бети ачылган. Уурулук-57, алдамчылык-45, бейбаштык-7, тоноо-1, каракчылык-1, никеге туруу максатында уурдоо-1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү-1, орчундуу эмес өлчөмдөгү алдамчылык-38, майда бейбаштык-3, орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо-3, соттун өкүмүн, чечимин же башка соттук актыларды аткарбоо-3, анча олуттуу эмес уурулук-5, башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу-1, үй-бүлөлүк зомбулук-1.

Андан сырткары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлдү. Анын негизинде борбордук милиция кызматкерлери тарабынан 10434 объект, 3251 жеке менчик жана 6336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынды.

Кыргызстандык жаран Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД