Орусияда жасалма кыргыз документтери менен жүргөндөр кармалды

Орусияда Кыргызстандын паспортторун жасалма жол менен даярдаган жана колдонуп жүргөн Борбор Азиянын жашоочулары кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын паспортторун жасалма жол менен даярдашып колдонуп жүргөндөрдү аныктоого жергиликтүү укук коргоо органдарына көмөктөшүүдө.

Аталган иштешүүнүн натыйжасында үстүбүздөгү жылдын беш айында эле Орусияда кыргызстандык жарандарга таандык делген жасалма документтерди (паспорт жана айдоочулук күбөлүк) колдонгон 113 факты аныкталган. Анын ичинен 57 документти кыргызстандыктар колдонуп жүрсө, 56 документ Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн жарандарынын колунан табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө жасалма документтер Кыргызстанда эмес башка өлкөлөрдө даярдалганы белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД