Чолпон-Атада Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өтөт

2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда курман болгон мекендешибизди эскерүү жана элдердин достугун бекемдөө макстында "Мен патриот" аталышында Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу уюштууручулар билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-19-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" ден-соолукту чыңдоо борборунда уюштурулган эл аралык спорттук мелдешке Россия, Казакстан, Өзбекстан баштаган бир катар чет өлкөлөрдөн спортчулары келет.

"Баткендин мекенчил уулу Чынтемир Ашыралиев өзү каржылоого алып уюштурган иш чара Аскердик кармашып урушуу боюнча спорттун түрүн жайылтуу, жаштарды дени сак жашоого шыктандырууга, туризмди өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык достукту бекемдөөнү, чек арада мекен үчүн курман болгондорду унутпоо максатында уюштурулуп жатат.

Жалпы байге фонду 250 миң сомду түзгөн спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Келип күбө болуп кетсеңиздер болот", – деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД