Инандынын унаасынын видеокаттоосуна тартылган акыркы сүрөттөр жарыяланды

Орхан Инанды жоголордун алдында унаасынын видеокаттоосуна жазылган сүрөттөр жарыяланды.

Ал сүрөттөрдү интернетке адвокат Таалайгүл Токтакунова чыгарды.

Ал аталган сүрөттөрдү Орхан Инандыны издөөдө укук коргоо органдары колдонушпагандыгын жана сүрөттөгү адамдарды тааныгандар болсо байланышууну өтүнгөн.

"Орхан Инанды дайынсыз болгонго чейин унаасындагы видео байкоого тартылып калган акыркы кадрлар. Кимдир бирөө сүрөттөгү адамды тааныйт чыгар. Инандынын жакындары тергөөчүлөр бул видеону албаганын айтууда. ИИМ колдо турган күбөлөрдү же балким уурдаган адамдарды издөөнүн ордуна курулуштарды кароону чечкен окшойт", - деп жазган Токтакунова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД