Таласта милиция кызматкерлери ортосунда футбол боюнча турнир өтүүдө

Бүгүн 17-июнь күнү Бакайыр айылында милиция кызматкерлери арасында футбол боюнча турнир өтүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул турнир кызмат учурунда курман болгон милициянын капитаны Ниязалиев Мелис Шаршеновичтин жаркын элесине арналууда.

Ал 1978-жылы Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган. ИИМдин Бишкектеги милициянын жогорку мектебин бүтүрүп келген соң өз кызматын Талас РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер өкүлү кызматынан баштап, өз кызматына берилген жаш кызматкердин ишке жөндөмдүүлүгүн байкаган жетекчилер аны ар кандай жооптуу кызматтарга дайындайт.

Кийинки жаш муундардын ичинен өсүп келе жаткан жаш кызматкерлердин ичинен алгачкы ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары катары кызмат ордуна киришкен.

2006-жылдын 16-ноябрь күнү Ниязалиев Мелис Бакай-Ата РИИБнин башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары кызматында иштеп туруп, куралдуу кылмышкердин колунан каза тапкан.

Каза болгондон кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен "Эрдик" медалы менен сыйланган.

Эр жигиттин ыйык милдети Ата Мекендин тынчтыгын көздун карегиндей сактоо, ыйык тутуу. Мелис Шаршенович мына ушундай ыйык ыймандык түшүнүктөрдү, өзүнүн эрдиги, аткарган ак эмгеги аркылуу далилдей алды.

Анын ысмы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Даңк Мемориалына" алтын тамгалар менен жазылып калды.

Турнирдин ачылышына анын ата-энеси, жакын туугандары, достору жана Талас ОИИБдин жетекчилери катышууда. Ар бир РИИБден келген курама командалар учурда таймашууда.

Мелдештин башында Талас ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис сөз сүйлөп, "Аны биз эч убакта унутпайбыз. Ал кишинин аткарган иштери, жолдошчулук, кесиптештик бийик адамгерчилиги дайыма биздин жүрөгүбүздө. Ал элдин бейпилдигин сактоодо каармандык менен курман болгон.

Ниязалиев Мелис Шаршеновичтин жаркын элеси ар дайым ар бир кызматкердин жүрөгүндө сакталып эч качан эстен чыкпайт"-деди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД