Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө

Кечээ, 19-июнда Бишкектеги "Бишкек-Арена" муз аянтчасында 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, мелдештин биринчи күнүндө 17 жашка чейинки балбандар арасында грек-рим күрөшү боюнча эркектер арасында жети салмак категорияда (45 кг,48 кг, 51 кг, 55 кг, 60 кг, 92 кг жана 110 кг) беттештер өттү.

Чемпионаттын расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун президенти Даулет Турлыханов, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун вице-президенти Ахрол Рузиев, КР маданият министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.

Чемпионаттын ачылышында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаевге, КРнын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевге, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурлан Исмаиловго, Күрөш федерациясынын вице-президенти Динара Исаевага, күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбековага жана федерациянын башкы катчысы Адинай Кемеловага Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Ардак грамотасы тапшырылды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 26-июнга чейин "Бишкек-Арена" муз аянтчасында уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД