Бишкекте ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө

Бишкек шаарында курч кармаган ичеги-карын инфекциясы көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, беш ай ичинде ичеги-карын инфекциясына 799 киши кабылган, былтыр ооругандар 600 болчу. Илдет 29,9 пайызга өскөнү белгиленет.

Ошондой эле этиологиясы белгисиз энтериттин 723 учуру катталды. Ал 2020-жылы 518 адамда аныкталган, натыйжада быйыл 34 пайызга жогорулады.

"Мындан тышкары, курч дизентерия оорусу 40 пайызга өскөн. Аны менен көбүнчө эки жашка чейинки балдар оорушат. Буга баланы караган ата-эненин жеке гигиенаны сактабагандыгы, тамак-ашты туура эмес сактап, колдонгону себеп. Оорулардын көбү калаанын конуштарында катталууда. Ошондой эле акыркы жумада Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен бөбөктөр көбөйдү", - деп айтылат маалыматта.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы калаадагы жугуштуу оорулардын учурдагы абалы боюнча кеңешме өткөргөн. Жыйынтыгында Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тиешелүү пунктулардын ишин күчөтүү, курч ичеги-карын инфекциясын алдын алуу жана жеке гигиена боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Мэрия шаардыктарды өз алдынча дарыланбай ооруканага кайрылууну эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД