ИИМдин генералы Кемелбек Киязов "Toyboss Night Run-2022" түнкү жарышында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында "Nomad Sport" коомдук бирикмеси уюштуруучусу болгон "Toyboss Night Run-2022" түнкү жарышы өтүп, анда милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов өзүнүн курактагыларынын арасында 21.1 км аралыкта чуркап өтүп, биринчи орунду ээледи. Ал 1 саат 42 мүнөт 26 секунд убактысында чуркап келип, өзү үчүн рекорд койгон.
Кемелбек Киязов алдын медаль жана диплом менен сыйланды.
Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов спорттун бул түрүнүн профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында мыкты көрсөткүчкө ээ болгон.
Биздин генералга бекем ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана мындан ары дагы спортто көптөгөн ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.