Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим курамасы биринчи орунду ээледи

Бишкектеги 17 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунду ээледи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда старт алып, жалпы 10 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстан жалпы жети медаль жеңди:

1-орун - Жантөрө Мирзалиев (60 кг);

1-орун - Кутман Темирбеков (65 кг);

1-орун - Асан Жанышов (80 кг);

1-орун - Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);

2-орун - Кубаныч Аринов (51 кг);

3-орун - Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг);

3-орун - Жоомарт Аралов (71 кг).

Эскерте кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында өтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД