Ырчы Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген көз жумду

Ырчы Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева фейсбук баракчасына ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева жана анын жолдошу журналист Таалай Ороскуловду белгилеп, "Акыркы күндөрү өлүм-житимдер көбөйүп кетти. Арты кайрылуу болсун Айчүрөк Иманалиева, Таалай Ороскулов",- деп жазып чыккан.

Билдирүүнүн алдындагы "Эмне болду? Ким?" деген суроолорго ырчы "Арген" деп жазган.

Эске салсак, Арген Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу, 35 жашта.

Айрым маалыматтарга таянсак, ал үйүндө көз жумган. Азырынча эмне себептен экендиги айтыла элек. Анын сөөгү 21-июнда жерге берилет.

"VB kg" сайтынын жамааты Айчүрөк Иманалиевага терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД