Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жогорку сыйлыгы менен сыйланды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчысынын Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович жана Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана тилектештик, достук жана өз ара түшүнүү рухун бекемдегендиги үчүн сыйланды.

Аны менен катар Садыр Жапаров Кыргызстанда спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана 17 жашка чейинки жана 23 жашка чейинки катышуучулар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасындагы Азия чемпионатын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лаловичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен, Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия уюмунун президенти Даулет Турлыхановду "Даңк" медалы менен сыйлады.

Жолгушуу Бишкекте башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД