Кыргызстандык 15 спортчу 500 доллардан стипендия ала баштайт

Эл аралык олимпиада комитети кыргызстандык 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан стипендия төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-майынан тарта 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчу стипендия алат.

"Буга чейин 10 стипендия болсо, бул жолкуда спортчулардын саны 15ке жетти. Теория боюнча стипендия 1-майдан баштап берилмек, бирок каражат азырынча түшө элек. Акча түшөрү менен спортчуларга каражат бериле баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Тизме:

1.Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;

2.Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;

3.Алибек Осмонов – эркин күрөш;

4.Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;

5.Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;

6.Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;

7.Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;

8.Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;

9.Кальмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;

10.Владимир Золоев – дзюдо;

11.Нурсултан Кенешбеков – жеңил атлетика;

12.Гульшаной Сатарова – жеңил атлетика;

13.Денис Петрашов – сууда сүзүү;

14.Бекдоолот Расулбеков – оор атлетика;

15.Нурадин Рустамбек уулу – бокс.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД