Бишкекте катуу шамалдан 12 бак кулады, жабыркагандар бар

Бишкекте катуу шамалдан 12 бак кулап, 20 бутак сынып калды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, "Бишкекзеленхоздун" кызматкерлери кулаган бактардын бардыгын алып чыгышты.

"Тилекке каршы, үч адам жабыркады. Турусбеков көчөсүндө начар камсыздалган чатыр 60 жаштагы шаардык аялдын үстүнө кулап түшкөн. Аял баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде Шоро суусундуктарын сатуу учурунда бак кулап, 38 жаштагы сатуучу аял жана 28 жаштагы кардары жабыркады. Эки аялга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү, алар ооруканага жатуудан баш тартышты ", - деп билдирди мэрия.

Эки унаа жабыркаган. "Бишкек Парк" соода борборунун алдында жарнама тактасы жабыркады. Ээси аны бузуп салган. Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жарнак тактасындагы баннер айрылган. Ээси дагы кесепетин жок кылган. Чүй проспектисиндеги Ак үйдүн жанына бир бак кулады, эч ким жабыркаган жок. No49 орто мектепте шифер салынган пол бузулган.

Мэрия шаардыктардан унааларын бактардын түбүнө койбоону жана катуу шамал болгондо этият болууну суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД