Инандыны табууну талап кылгандар дагы Өкмөт үйүнүн алдына чогулду

Бишкекте Орхан Ынандынын табылышын талап кылган жарандардын акциясы тогузунчу күн катары менен уланууда.

9-июнда дагы анын ондогон тарапкерлери Өкмөт үйүнүн алдына чогулду. Андан ары акцияны Жогорку Кеңештин имартынын жанында улантып, Инандынын жагдайын парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибинде талкуулоону суранышты.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз. Колдоочулары аны түрк элчилигинин имаратында кармалып турат божомолдошууда. Орхан Инандынын жубайы да жолдошу "Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турат" деген кабары бар экенин айтып чыккан. Элчилик муну четке каккан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси менен жолугушуу өткөрүп, жагдайды талкуулаган. Министрдин орунбасары Айбек Артыкбаев да Инанды элчиликте деген маалымат чындыкка жатпастыгын билдирген.

Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Уулу милицияга арыз жазган. Ага "Интерпол" аркылуу издөө жарыяланган.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД