"Кыргыз темир жолдун" мурдагы жетекчиси Василий Дашков кайра камакка алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков камакка алынганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Василий Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып туруп, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон жана жең ичинен 490 миллион сомду короткон деп айыпталуда. Ал мамлекетке жалпы 1,5 миллиард сом зыян келтирген деп бааланып жатат.

Май айынын ортосунда Дашков кармалып, сот аны үй камагына чыгарган. Кайра камака алынуусуна келтирилген зыяндын ордун толтурбаганы себеп болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД