Эртең Бишкекте Эл аралык Олимпиада күнүнө арналган спорттук фестиваль өтөт

Эртең, 25-июнда Бишкектин Адинай сейил багында Эл аралык Олимпиада күнүнө арналган спорттук фестиваль өтөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага олимпиада оюндарында жеңишти багындырган кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун катышуусу күтүлүүдө.

Мелдештин программасына стол тенниси, текбол, стритбол, балдар үчүн жеңил атлетика, кичи футбол жана стритворкаут боюнча спортчулардын көрсөтмөлүү оюндары кирет.

Фестиваль саат 17:00дө башталмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД