Депутаттын үйүнөн ири көлөмдө баңгизат, таңгакталган долларлар табылды

Эл аралык бангизаттар тобунун ишине бөгөт коюлуп, 30 килограммдан ашык баңгизат жана 230 миң АКШ доллары алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүнүн алкагында "Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталган.

Такталгандай, аталган уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин "О.М. аттуу депутаты болгон. Алар баңгизаттарды сатуу үчүн Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүп турушкан. 1-июнда Баткен облусунун Кадамжай шаарында атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстанга баңгизат өткөрүү аракети учурунда О.М.Б. аттуу адам кармалган. Анын үйүн тинтүүгө алганда 9 кг апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, курал жана 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 300 өзбек суму жана 106 миң сом табылган.

Аталган иштин алкагында дагы "О.К.М." жана "О. К.А." аттуу эки адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД