16 партия Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди

Бүгүн, 9-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия катталды. Бул туралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленди. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт.

Партиялардын тийиштүү документтери 13-июнга чейин кабыл алынат. Ага чейин съезддердин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек.

Кайра шайлоону өткөрүүгө бул жолу 48 миллион 344 миң сом жумшалат.

Төмөнкү партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирип, атайын өкүлдөрүн каттатышты:

1. "Өнүгүү-Прогресс" - партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;

2. "Социал-демократтар" - партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;

3. "Замандаш" - партиянын жетекчиси Аскарбек Омуракунов;

4. "Келечек-Будущее" - партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;

5. "Ата-Журт Кыргызстан" - партиянын жетекчиси А.Маткеримов;

6. "Биздин Кыргызстан" - партиянын жетекчиси А.Осмонов;

7. "Ынтымак" - партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;

8. "Жаны мезгил" - партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;

9. "Биздин Эл" - партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;

10. "Туран" - партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;

11. "Эмгек" - партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;

12. "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" - партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;

13. "Жашыл Кыргызстан" партиясы - партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;

14. "Күч бирдикте коомдук саясий партиясы" - партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;

15. "Улуу-Журт" - партиянын жетекчиси М.К. Орозбаев;

16. "Реформа" - партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталгандыктан Токмок, Ош, Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкекте эң көп добуш алган Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (НДПК), "Эмгек" жана "Ак Бата" партияларынын добуштары жараксыз деп табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД