ККМди колдонуу: салыктан бошотуу босогосун 16 млн. сомго көтөрүү сунушталды

Кассалык көзөмөл машина (ККМ) колдонуп иштеген ишкерлерди салыктан бошотуу босогосун 16 миллион сомго чейин көтөрүү каралууда. Бул маалыматты Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирген.

Амангелдиевдин маалыматына таянсак, айлантуусу 16 миллион сомдон ашкан ишкерлер 2% салык төлөшөт.

"Чакан дүкөндөр,базардагы соодагерлер, сулуулук салондору жана башка майда ишкерлер мындай суммадагы акча жүгүртүүгө ээ эмес.Аларга жеңил болот. Ири дүкөндөр жана ишканалар гана салык төлөйт"- деди Экономика жана соода министри.

Эске салсак, буга чейин жүздөгөн ишкерлер бир нече жолу ККМди колдонууга каршы митинге чыгышкан. Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМ колдонууга он күндүк мораторий киргизген. Мындан сырткары ККМди киргизүүнүн бардык мүмкүн болгон ыңгайлуу жолдорун карап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД