
Президент Садыр Жапаровдун Баткенге болгон иш сапарынын алкагында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салынды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыздалат. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы - 603, 5 миллион сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, 100 миллионго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат." – деп айтылат маалыматта.
Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалап, "илим-билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин" деген каалоосун айткан.
Капсула салгандан кийин Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен болгон жоолугушусунда аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүлгөн.
Жапаров Баткен облусуна мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да бурула берерин белгилеген.
Автор: Медина Бектурова