
Борбор калаанын төрт районунун атын өзгөртүүнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары сунушташты. Кайрылууну Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Таалайбек Усубалиев окуп берди.
Усубалиевдин айтымында, азыркы аталыштар тарыхый миссиясын аткарып бүтүп, моралдык жактан эскирген. Ал аталыштарды алмаштырууда улуттук идеологияны эске алуу керек деп эсептейт.
Сунушталган аталыштар:
• Биринчи май районун - Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов деп атоо;
• Свердлов району - Манас же Чыңгыз Айтматов;
• Октябрь району - Сүймөнкул Чокморова же Байтик баатыр;
• Ленин району - Абсамат Масалиев же Исхак Раззаков.
Бирок, бул маселени кароону Жогорку Кеңештин депутаттары күзгө калтырышты.
Автор: Медина Бектурова