Next TV телеканалынын директорунун камак мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев 3-августка чейин камакта калтырылды. Мындай өтүнүч менен сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кайрылганы маалым болду.

Эске салсак Дүйшөмбиевге үстүбүздөгү жылдын 3-мартында "улут аралык кастыкты козутуу" береси менен айып тагылып кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурган жетекчинин бөгөт чарасы ушуну менен үчүнчү жолу каралып, мөөнөтү узартылып жатат.

Тергөөнүн маалыматына таянсак, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган. Ал эми Next TV жетекчилиги каналдын жабылуусун көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрүн чыгарып келгени менен байланыштырган.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД