
Кыргызстандын киокушинкай-кан каратэ боюнча курама командасынын спортчулары биринчи жолу Болгарияда улан-кыздар (14-17 жаш) арасында өтө турган KWU боюнча дүйнө кубогуна катышат. Дүйнө чемпиондугуна 33 өлкөнүн мыкты мушкерлери катышат. Киокушинкай - кан каратэ федерациясынын басма сөз кызматы Кыргызстандын атынан эки спортчу катыша турганын билдирди . Алар Нур-Султан шаарында өткөн Азия чемпионатынын коло байге ээлери – Ва Ахунов Данияль жана Вдовин Данил.
"Мен ар дайым айтам: Кыргызстан - спорт өлкөсү. Биз өзүбүздүн спортчуларыбызга жана командаларыбызга дем бергенди жакшы көрөбүз. Биздин спортчулар дүйнөлүк деңгээлге чыгышты, өлкө казынасына медалдарды алып келүүгө даяр деп ишенимдүү айта алабыз," - дейт Киокушинкай-кан каратэ федерациясынын вице-президенти, чемпионаттардын бир нече жолку чемпиону Махмудов Айдын.
Автор: Медина Бектурова