Орхон Инанды жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолугушкан

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды жоголгон күнү ИИМдин мурдакы жетекчиси Мелис Турганбаев менен жолугушкан. Бул тууралуу жактоочусу Таалайкүл Токтокунова Кaktus.media порталына билдирди.

Анын айтымында, 31-май күнү Орхон Инанды Мелис Турганбаев менен кафеде олтурганын көргөн адамдар бар.

"Алар кафеде бир нече саат сүйлөшүп олтурушкан. Андан кийин Инандыны эч ким көргөн жок", - дейт Таалайкүл Токтокунова.

Жактоочунун маалыматында, Мелис Турганбаев ошол эле күнү Грузияга учуп кетти.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД