Лавров кыргыз-тажик чек арасы боюнча өз пикирин билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстан менен Кыргызстан чек араларын тактоо үчүн демаркациялоо иштерин баштаганын жакшы жышаан деп баалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалым болгондой, Сергей Лавров учурда жумушчу сапары менен Тажикстанда жүрөт. "Тажикстан менен Кыргызстан чек араларын демаркациялоого киришти. Бул башка постсоветтик өлкөлөр үчүн жакшы мисал боло алат", - деп билдирген Лавров.

"Тажикстан менен Кыргызстандын конфронтациядан кызматташтыкка өткөнү тууралуу кечээ талкууладык. Бмз жакында болуп өткөн конфликттик опурталдуу фазасы артта калганына кубандык. Эң негизгиси эки өлкө тең демаркация жана делимитациялоо иштерине киришкени жакшы болду" - деп сөзүн жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тажикстандык кесиптеши менен Душанбе шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД