Организмге суу жетишпесе ар убак чарчаңкы абалда болобуз

Организмдин калыптуу абалын сактап туруу үчүн күнүнө 2-2,5 литр суу ичиш керек экени белгилүү. Организмге суу жетишпесе, башыбыз тез-тезден айланып, ооруп, ар дайым чарчаңкы абалда болобуз. Организм "кургай баштайт", аягы түрдүү ооруларга алып барат. Ал эми бул белгилер сууну керектүү өлчөмдөн аз ичкениңизди билдирет:

-- көп кыймылдасаңыз да тердебесеңиз;

-- териңиз кээде майлуу, кээде кургак болуп кетсе;

-- канча тамактансаңыз да курсак ачкан сыяктуу сезилсе;

-- тамактанууга маани берип, көп кыймыл-аракет кылсаңыз да салмак кошуп жатсаңыз;

-- ооздон жагымсыз жыт чыгуунун бир себеби да суунун жетишпестиги болушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД