"Омеганын" жоокери футболдук турнирдин мыкты дарбазачысы деп табылды

"Омега" атайын отрядынын жоокери футболдук турнирдин мыкты дарбазачысы деп табылды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын курама командасы VIII жыл сайын өтүүчү кичи футбол боюнча мелдешке катышты. Ал Бишкекте өтүп, Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө арналды. Турнир бир катар эл аралык жана бейөкмөт уюмдар тарабынан өткөрүлүп, ага ар кандай мамлекеттик органдардын, бейөкмөт түзүмдөрдүн жана массалык маалымат каражаттарынын оюнчулары катышты.

Мелдештин жыйынтыгында ЖАКнын командасы 2-орунга ээ болсо, "Омега" атайын багыттагы отрядынын жоокери, ички кызматтын старшинасы Адил Абдыжапаров турнирдин "Мыкты дарбазачысы" деп табылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД