Тез жардам унаасына жол бошотпогон айдоочулар жазаланат

Тез жардам унаасына жол бошотпогон айдоочуларды аныктоо максатында Бишкек шаарында "Маяк" деп аталган рейд өтө турганын шаардын Кайгуул милициясы кабарлады.

Маалыматта Тез жардам кызматынын дарыгерлери коронавирус пандемиясынан улам элге ыкчам медициналык жардам көрсөтөрү, бирок айрым айдоочулар аларга жол бошотпой тоскоолдук жаратары белгиленет.

"Мындай туура эмес кадамдар калкка жардам көрсөтүүнү кечеңдетет. Белги берип келе жаткан Тез жардам унаасын өткөрбөй койгон айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Эреже бузуулар кодексинин 132-беренесинин негизинде протокол түзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, аталган берене боюнча 10 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД