Батыш Салиеванын 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Фото Медины Бектуровой

Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССРдин жана Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты Батыш Салиеванын кичи мекени Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылында 100 жылдыгы белгиленүүдө.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде уюштурулуп жатат.

Мааракенин алкагында Талды-Суу айылда 50 орундуу бала бакчага Салиеванын аты ыйгарылып ачылыш аземи өттү. Мындан сырткары "ХХ кылымдын чыгаан инсаны Батыш Салиева" темасында даректүү тасма көрсөтүлүп, маданий программалар менен коштолду. Саамалык спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД