HRW Инандынын жоголушунан улам тынчсыздануусун билдирди

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын дайыны чыкпай жатканына байланыштуу билдирүү таратты. Анда уюм кыргыз бийлигин анын жоголушун дыкат иликтөөгө чакырган.

"Инанды 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча расмий Анкара айыптап, АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылына байланышы бар деп куугунтукка алынышы мүмкүн. Эгер ал Түркияга кайтарылса орой мамилеге жана кыйноого кабылып, мыйзамсыз камакка алынышы мүмкүн. Аны Түркияда адилетсиз сот жараяны да күтүп жатышы ыктымал", - деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

Орхан Инандынын дайын-дареги 31-майдан беричыкпай жатат.

Милиция бул факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козгоду. Инандыны издөө иштери жалпы республика боюнча жүрүүдө. Ички иштер министрлиги 9-июнда ага "Интерпол" аркылуу издөө жарыяланганын билдирди.

Бишкекте ондогон киши Инандыны табуу талабы менен бир нече күндөн бери акцияга чыгып жатышат.

Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД