Уурулар менен бирге кардарын кордогон Демир банк

Биздин редакцияга Демир банк укугубузду тебелеп жатат деп даттанган Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Анын айтуусуна караганда бир тууганы "Демир банктын" эсебиндеги акчасын ала албай жүрөт. Анткени Демир банктагы эсебине салган акчасын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Анын уурдалуусуна банк толук күнөөлүү экенине карабай, акчаны кайтарып берүүдөн баш тартууда.

"Менин карындашым Айгерим Демир банктын картасын колдонуп келген. Өткөн жуманын башында эсебиңизден акча алууга аракет кылышууда деп телефонуна 3 билдирүү катар келип, төртүнчү ирет интернет аркылуу төлөм ийгилитүү ишке ашырылды деген билдирүү келген.

Эсебинде акча доллар менен болгондуктан, билдирүүдө гривна менен алынды деп келген. Ал кыскартылып жазылгандыктан аббревиатурасын түшүнбөй мүмкүн алдамчылар атайын ушундай билдүрүүлөрдү жөнөтүп, менин кандайдыр бир аракет кылышымды күтүп жатабы деп да ойлоптур. Кийин банкка чалса, "ооба эсебиңизден акча алыныптыр" дептир. Карындашым "дароо чектегиле, мен эмес алдамчылар акча чечип жатат" десе алар макул болушат", - дейт тургун.

Ал акчаны алдамчылар банктын шалакылыгынан пайдаланып уурдап кетишти дейт. Анын айтымында арадан бир канча убакыт өтсө да банк аталган эсепке чектөө койгон эмес.

"Биз банкка барып барып, арыз жазып антип-минткенче, бир сааттай өтүп кетти. Ошол убакта 0.00 евро дагы бир жолу алынды деп телефонго билдирүү келди. Ошол убакка чейин алар карточканы дагы деле блоктой элек экен. Ал жерде карындашым ызы-чуу салып, анан алар эсепти чектешти. Кардарга мындай мамиле кылган болбойт. Мен өзүм да экономика жаатында иштейм. Биринчиден алар өтө кеч картаны блоктошту. Экинчиден арызды алып эле тиешелүү түрдө каралган жок. Арызды алган адам жөн эле тосуп алган киши, эч нерсе чечпейт. Атайын ушундай окуялар боюнча иш алып барган бөлүмдөрү болушу керек эле. Алар муну сүрүштүрүп, карындашымдын эсебинен акчаны чыгарып алган банкка кат жазышы керек эле. Бирок аны кылышкан жок", - дейт жабырлануучу.

Анын айтымында банк муну менен элек чектелбестен өздөрүнөн күнөөнү аларга төңкөөгө аракет кылган. Карындашынын банктагы айрым документтерин жашырып, акчаны төлөбөй коюга ачык эле аракет кылышкан.

"Эки күн өткөндөн кийин карындашыма чалып, "силер өзүңөр күнөөлүү экенсиңер, кандайдыр бир атайын кодду киргизип коюпсуңар, бизде күнөө жок" деп кайра карындашыма төңкөп коюшту.

Баарынан кызыгы алдамчылар акчаны интернет төлөм аркылуу уурдашкан экен. Ал эми карындашым болсо ушундай окуяларды алдын-алуу үчүн атайын арыз жазып эсебине интернеттик төлөмдөргө чектөө койдурган. Бирок буга карабай банк "сиздин чектөө тууралуу арызыңыз табылбай жатат" деп убакыт созуп, кийин "арызыңыз жоголуп кетиптир" деп чыгышты. Биз мына ушул жерден шекший баштадык, анткени башка арыздар баары бар, болгону ошол гана арыз жок. Анткени мына ушул арыз карындашымдын бул окуяда күнөөсүз экенин далили болчу. Бирок карындашым эсебиндеги чектөөнү унутуп калып, интернет аркылуу төлөйм деген учурларда "эсебиңизден интернет аркылуу төлөм чектелген" деген билдирүүлөр келген экен. Ошолорду колдонуп сотко баралы деп калганыбызда ал арызды бир жактан таап келишти", - дейт тургун.

Ал Демир банк ачык эле алардын укуктарын тебелеп, акчаны төлөөдөн баш тартканын, жөн эле тоготпой жатышкандыктан укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болушкандыгын айтат.

"Системада чектөө коюлганына карабай, интернет төлөм аркылуу уурдашып жатат. Болбосо расмий түрдө ал эсепте интернет аркылуу төлөм жабылган. Эми күнөө кимде? Негизи кимден сураса да айтат, акчаны сактап берем деп алып, сактай албай уурдатып жиберген банкта күнөө деп. Бирок айтсак, эч реакция жок, өзүнөр күнөөлүүсүңөр деп акчаны төлөөдөн баш тартып жатат. Буга байланыштуу айла жоктон биз укук коргоо органдарына кайрылууга туура келди. Башкы прокуратура, Улуттук банкка, Милицияга арыз менен кайрылдык", - дейт жабырлануучу.

Анын айтымында өзү дагы карындашы дагы экономика жаатындагы адамдар. Маалыматы бар адамдарды ушунча кордошот, башкаларды эмне кылып жатат билбейм деп баш чайкайт. Мындан улам акчанын уурдалуусуна банктын же кайсы бир кызматкерлеринин тиешеси барбы деп да шек санап жаткандыгын билдирди.

"Карындашым Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бирин аяктаган. Учурда эл аралык аттуу - баштуу ишканалардын биринде иштейт. Кесиби боюнча, бизнести башкаруу жана эл аралык иштер боюнча адис. Илим-билимдүү эле адам. Мен болсо өзүм ушул экономика жаатында иштейм. Демир банктын түшүнүксүз жана шалакы мамилеси алардан да шек санатып жатат", - дейт тургун.

Ошондой эле соңку убакта Демир банкка нааразы кардарлары көбөйгөнүн, бирок банк аларга көңүл бурбагандай мамиле кыларын айтат.

Биз дагы социалдык тармактарда банк тууралуу маалыматтарды издеп көрүп, Фейсбуктагы кара тизме" аталышындагы группада жарандар бир нече ирет нааразы болуп жазган билдирүүлөрүн көрдүк.

Бул окуя боюнча, Демир банкка байланышып, оңдуу жооп ала алган жокпуз. Бирок экинчи тарапка дагы маалымат аянтчасын түзүп, пикирин чагылдырууга даярбыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД