Карындашын коргоп адам өлтүрүүгө барган адам 2 айга камака алынды

Адам өлтүрүүгө шектелип жаткан Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды, шектүүнүн бөгөт чарасы тууралуу чечим Чүй райондук соту тарабынан 3-июлда чыккан. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Ирискулбеков билдирди.

Жумакулов 29-августка чейин камакка алынганын билдирген жактоочу соттун бул чечимин мыйзамсыз деп атап, ал мыйзам бузуу менен кабыл алынганын, апелляциялык арыз берилерин маалымдады. "Биринчиден, бөгөт чарасын аныктоонун 48 сааттык процессуалдык мөөнөтү өтүп кеткен. Бул жерде "Жазык-процессуалдык кодекстин" нормалары одоно бузулган. Экинчиден, сот жеңилирээк бөгөт чарасын аныктаса болмок. Себеби, Сухраб Жумакулов мурда жоопко тартылган эмес, соттолгон эмес, жүрүм-туруму, моралдык жактан таза адам. Анын туруктуу жашаган жери аныкталган. Качып кетет же тергөөгө тоскоолдук жаратат деген далилдер келтирилген жок", - деди Ирискулбеков.

Эске салсак, окуя 1-июлда Бишкек - Торугарт автожолунун 69-чакырымында орун алган, натыйжада 47 жаштагы эркек киши "Тез жардам" барганча көз жумган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып айтып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде каттоого алынган. 36 жаштагы шектүү Сухраб Жумакулов Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД