Кочкор районунун акими алмашты

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун акими Курбанбай Камчыев ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Эрмекбай Омошев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Камчыев Кочкор районуна аким болуп былтыркы жылдын май айында дайындалган.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД