Нарын облусунун жетекчиси алмашты

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ашимбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу Нарын облусун мындан ары Алтынбек Эргешов жетектемей болду. Ал буга чейин президенттин аппаратынын башкармалыктарынын бирин жетектеп келген.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД