Өзбекстанда полиция эркектердин сакалын күчтөп алдыртты

Өзбекстандын чыгышындагы Ангрен шаарында полиция ондогон динчил эркектердин сакалын күчтөп алдыртты. Бул көрүнүш эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын сынына көп жылдан бери кабылып келет.

Шаардын тургундарынын бири "Азаттыктын" өзбек кызматына аны жана башка ондогон эркекти полицияга чакырып, сакалын алууга мажбурлашканын 8-июнда айтып берген.

"Эгер баш тартсак, күч менен өзүлөрү кырып саларын эскертишти. Сакалыбызды алгыча жана алгандан кийин сүрөткө тартып алышты",-деди ал.

Ангрен шаардык полициядан бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Соңку жылдары полиция 32 миллион калкы бар Өзбекстанда эркектердин узун сакалдарын күчтөп алдыртууну ислам радикализмине каршы күрөшүү аракети катары түшүндүрүп келет.

Былтыр жарыяланган АКШнын Мамдепартаментинин баяндамасында Өзбекстанда дин тутуу эркиндигин чектеген учурлар дагы эле кездешери белгиленген. Мисал катары эркектерди сакалдарын алууга мажбурлоо, аялдарга хижаб кийүүгө уруксат берилбеши жана окуу жайларга жоолукчан студент кыздарды киргизбей коюу өңдүү көрүнүштөр келтирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД