Кочкор районунуна 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кочкор районунун тургундарынын социалдык муктаждыктарына 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, 2021-жылдын октябрынан тарта жөлөкпулдардын өлчөмү үч эсеге көбөйтүлдү. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта майыптыгы боюнча жөлөкпулдар көбөйүп, ошондой эле "жеке жардамчы" кызматын алуунун жаш чеги да жоюлган. Өлкө тарыхында биринчи жолу мамлекет өлкөнүн социалдык тармагына чоң маани берип жатат", - деди министр.

Жыйын Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык саясат комитетинин мүчөсү Жылдыз Садырбаева, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, алар да район тургундарынын курч суроолоруна жооп беришти.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД