Ошто тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Кечээ, 4-июнда Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш башталды.

Мэриядан билдиришкендей, спорттук иш-чаранын ачылышына вице-мэр Сонунбек Жунусбаев катышып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Мелдешке Кыргызстандын жана жакынкы коңшу өлкөлөрдүн спортчулары катышууда.

Турнир Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп, 9-июлга чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД