Талибандар HALO Trust уюмунун 10 кызматкерин өлтүрдү

Ооганстанда беткапчан согушчандар америкалык-британиялык HALO Trust коммерциялык эмес уюмунун 10 кызматкерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү 1TV телеканалы өздүк булактарына таянып билдирди.

HALO Trust уюмунун кызматкерлери Ооганстанда миналарды зыянсыздандыруу иштери менен алектенген.

Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон кол салуудан көз жумган 10 кишиден сырткары, дагы 14 адам жарадар болгон.

Бул окуя боюнча ооган бийлигинин расмий өкүлдөрү чабуулду радикалдуу көз караштагы "Талибан" кыймылы жасаганын маалымдаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД