Бишкекке көп кабаттуу 4 унаа токтотуучу жай курулат

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында борбор калаа муниципалитетинин "Бишкек шаарындагы көп кабаттуу унаа токтотуучу жай" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары бар экенин билдирди.

Анын айтымында, бул долбоордун алкагында 500 унаага ылайыкталган кеминде төрт көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат.

Унаа токтотуучу жайлар курула турган даректер:

- Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилиши;

- Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши;

- Псков жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилиши;

- Түгөлбай ата жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилиши.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД