Кыргызстан Кытай берген вакцинаны алып келгенге каражат издеп жатат

Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынын экинчи партиясы Кыргызстанга ушул айдын экинчи жарымынан кийин келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Маалыматка ылайык, 75 миң кишиге эсептелинген 150 миң доза кытай вакцинасы гуманитардык жардам катары берген. Учурда препаратты алып келгенге каражат изделип жата

"Бул вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга бекер жеткирилген. Экинчи партиясында жеткирүү чыгымы каралган эмес. Ошондуктан министрлик эл аралык уюмдарга кайрылып жатат. Вакцинаны Кыргызстанга жеткирүүгө 150 миң доллардан ашык каражат керектелет", - деди Ишенапысова.

Кытайлык "SinoPharm" компаниясы чыгарган вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга быйыл мартта келип, майдын соңунда түгөнгөн.

Өлкөдө эмдөө кытай вакцинасынан тышкары Орусиянын Орусиянын "Sputnik V" препараты менен жүрдү. Ушул күнгө чейин 80 миңден ашык киши эмделди.

Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1864 кишиге жетти. 108 173 киши вирус жугузуп алды. Анын 101 364ү сакайды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД