Алматыда КМШ өлкөлөрүнүн III аскердик-спорттук оюндары өтүүдө

Кечээ, 5-июлда Казакстандын Алматы шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн армияларынын III аскердик-спорттук оюндарынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган оюнга Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикистан, Өзбекистан, Кыргызстан жана Россиянын куралдуу күчтөрүнүн эки жүзгө жакын спортчулары катышууда.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасын Коргоо министрлигинин аскер спорт клубунун, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жана Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары түздү.

Оюндун программасына аскердик кол таймаш, гирья спорту, штаттык куралдан ок атуу, офицердик үч түрдүүлүк жана аскердик кросс боюнча таймашуулар киргизилген.

Оюндар КМШ өлкөлөрүнүн Коргоо министрлер кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналат. Таймашуулар үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда аяктайт.

Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн II аскердик-спорттук оюндары 2017-жылдын июль-август айларында Кыргызстанда өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча кыргыз аскер кызматчылары жалпы тайпалык зачеттун жеңүүчүлөрү болуп, жалпы медалдык зачеттон биринчи орунга ээ болушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД