Көз карандысыз рейтинг агенттиги Кыргызстандын ЖОЖдорунун рейтингин чыгарды

Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (IAAR) Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын көз карандысыз рейтингинин - 2022 жыйынтыгын чыгарды. IAAR 261 билим берүү программасынын рейтингин түздү. Бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 12% га көп. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү программалары 15 индикатор боюнча бааланып, 4 топко бириктирилген:

- таланттуу студенттердин, окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн жогорку концентрациясы;

- академиялык мобилдүүлүк;

- бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү;

- илимий басылмалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү.

Рейтингдүү билим берүү программаларынын саны боюнча лидерлер:

- Ош мамлекеттик университети,

- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,

- К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети,

- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,

-Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,

- Эл аралык инновациялык технологиялар университети.

2022-жылдын көз карандысыз рейтинги көрсөткөндөй, билим берүү программаларынын 92% Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тааныган эл аралык жана Улуттук аккредитациялык агенттиктерде аккредитациядан өткөн. Эл аралык аккредитациядан билим берүү программаларын ийгиликтүү тапшыргандар:

-И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,

-Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,

- Ош мамлекеттик университети,

- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети.

Талдоо билим берүү программаларынын сапатын жана актуалдуулугун иш берүүчүлөрдүн канааттануусунун 25% га жогорулагандыгын көрсөттү. Жумушка орношкон бүтүрүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 14,5% га өстү. 2021-жылы жумушка орношуунун орточо көрсөткүчү 68,8% ды түзгөн. Иш менен камсыз кылууда эң жогорку көрсөткүчтү – IT техникалык жана педагогикалык адистиктер көрсөттү.

"Академиялык мобилдүүлүк" көрсөткүчүнө ылайык, позитивдүү динамика байкалат. Бул көрсөткүч 12% га жогорулаган. Академиялык мобилдүүлүк программаларына анын ичинде чет өлкөлүк университеттерге активдүү катышуучулар белгиленди. Алар:

- Ош мамлекеттик университети,

- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы,

- Эл аралык жогорку медицина мектеби,

- К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.

Профессор-окутуучулардын коомдук иштерге активдүү катышуусу 32% га көбөйгөн. Индекстелген журналдар боюнча илимий басылмалардын саны жогорулаган. Бул илимий иштин натыйжаларына жана университеттин изилдөөлөрүнүн натыйжалуулугуна суроо-талапты көрсөтөт:

- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,

- Ош мамлекеттик университети,

- Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,

- К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.

Багыттар боюнча 2022-жылы КРнын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин лидерлери:

"Саламаттык сактоо":

- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,

- Ош мамлекеттик университети;

"Экономика жана башкаруу":

- М. Рыскулбеков атындагы кыргыз экономикалык университети,

- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,

- Ош мамлекеттик университети;

"Айыл чарба"

- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,

"Педагогикалык билим берүү":

- Ош мамлекеттик университети,

- Ош мамлекеттик педагогикалык университети;

"Автоматташтыруу жана башкаруу":

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

"Эсептөөчү жабдуулар жана маалымат технологиясы":

- Ош мамлекеттик университети,

- Эл аралык инновациялык технологиялар университети.

"Транспорттук жабдуулар жана технология":

- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.

Көз карандысыз рейтингдин жыйынтыктарын www.iaar.agency сайтынан жана "Education. Quality Assurance" журналынан табууга болот.

Кыргыз Республикасынын университеттеринин рейтинги IAAR тарабынан 5 жыл бою өткөрүлөт. IAAR рейтинг методологиясына ылайык, ЖОЖдор жана көрсөткүчтөрдүн объективдүү толтуруусуна жооптуу болушат. Демек, университеттин рейтингдеги орду толтуруунун толуктугунан жана маалыматтарды киргизүүнүн тууралыгынан көз каранды болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД