Текебаев: "Кыргыз бийлиги болгон күч-аракетин жумшап, Инандыны табышы керек

"Орхан Инанды табылбаса, бул окуя Кыргызстандын кадыр-баркын эл аралык аренада түшүрө турган окуя болуп калат". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Орхан Инандынын жоголгонуна бир жумадан ашты. Алгач бул криминалдык гана окуя катары көрүнсө, азыр саясий эл аралык деңгээлдеги окуя болуп калды. Анткени, Орхан Инанды Кыргызстандагы белгилүү адам. Ал Кыргыздын жөнөкөй жараны эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон коомдук ишмер. Орхан Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушу кыргызстандыктарды тынчсыздандырып жатат. Кыргыз бийлиги болгон күч-аракетин жумшап, аны табышы керек. Табылбаса, бул окуя Кыргызстандын авторитетин Кыргызстандын ичинде да, эл аралык аренада да түшүрө турган окуя болуп калат", - деп жазган Текбаев.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон.

Бүгүнкүгө чейин анын кайда экендиги белгисиз. Бишкек шаарында "Сапат" лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү менен мугалимдери, ошондой эле окуучулар менен алардын ата-энелери күн сайын митингге чыгып жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД