Ошто тергөөчү пара алып жатып кармалды

Ошто тергөөчү пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июнда Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн "Б.Г.И." аттуу тергөөчүсү 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал "зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен айыпталып жаткан "А.М.А." аттуу жарандан "ишиңди жаап берем" деп 20 миң сом пара талап кылган.

Тергөөчү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД