Күнгө күйүүнүн пайдасы жана эрежелери

Күнгө күйүүнүн пайдалуу касиеттери

- күнгө күйүү рахиттин алдын алууга көмөктөшөт жана сөөк ткандары менен булчуңдарын бекемдейт;

- ультрафиолет нурлары организмдеги зат алмашуу процесстерин стимулдайт: алар серотониндин деңгээлин жогорулатат, D витаминин иштеп чыгууга көмөктөшөт;

- безеткиден, грибоктон арылууга;

- псориаз, экзема сыяктуу тери оорулары менен күрөшүүгө жардам берет;

- күн иммунитетти жакшыртат!

Күнгө күйүү эрежелери

-Ач карынга жана тамактан кийин дароо күнгө күйүүгө болбойт. Күнгө күйүү тамактангандан кийин 30-40 мүнөттөн кийин гана коопсуз болот;

-акырындык менен күнгө күйүү маанилүү жана зарыл. Биринчи күнү бир нече (10) мүнөттөн баштап, кийин бара-бара убакытты узартуу сунушталат;

-күндөн коргоочу кремди үйдөн чыгаардан 20 мүнөт мурун сүйкөсөңүз туура болот. Крем сизди жакшыраак коргой алышы үчүн териге сиңиши керек. Күн тийбей булуттуу аба ырай болуп турса дагы күндөн коргоочу каражаттарды колдонуу зарыл.

- кремди ар бир эки саат сайын же көрсөтүлгөн аралыкта жаңылап туруу өтө маанилүү;

- баш кийим жана күндөн коргоочу көз айнек тагынуу;

- пляжда кол чатырларды же тенттерди колдонуу;

-суу балансын толтуруу;

- дене бир калыпта күйүш үчүн ар дайым кыймылда болуу зарыл

- күнгө эртең менен жана кечинде турууга аракет кылыңыз, саат 10:00дөн 16:00гө чейин көлөкөдө же үйдө болгону жакшы;

- күнгө күйгөндөн кийин терини крем менен нымдоо керек;

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД