Эми "Ысык-Көл" аэропортунан чет өлкөгө чыгууга болот

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 2022-жылдын жай мезгилинде "Ысык-Көл" аэропортунан кайсы өлкө жана шаарларга учса болорун айтып, тизме жарыялады.

Казакстан

Алматы - Тамчы - Алматы багыты боюнча каттамдарды SCAT авиакомпаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. 15-июлдан тарта дагы үч каттамга (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү) көбөйтүүнү пландаштырууда.

Россия

Москва - Тамчы - Москва багыты боюнча каттамдарды "Аэрофлот" авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. 10-июлдан тарта эки каттамга (шейшемби жана жекшемби күндөрү) көбөйтүлөт;

Москва - Тамчы - Москва багыты боюнча учуулар "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат;

Новосибирск - Тамчы - Новосибирск багыты боюнча учуулар "Сибирь" авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.

Ички каттамдар:

Ош - Тамчы - Ош багыты боюнча учуулар TEZ JET авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД