Нарында ок атылып, алты адам жаракат алды

Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында 7-июль күнү болжол менен 22:48 чамасында жер талаштан улам жаңжал чыгып, алты адам жаракат алган. Бул тууралуу аталган райндун ИИБ басма сөз кызматынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына таянсак, К.Б аттуу жарандын үйүн адамдар келип курал менен аткылап жатышат деген маалымат келип түшкөн.

"Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын К.Б жашоочусунун үйүнө болжол менен 30-40 чукул ошол эле айылдын тургундары чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган "Субару-Аутбек" үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жатышкан учурда, үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган," деп билдирди милиция мекемеси.

Натыйжада аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, үчөөнүн абалдары оор болгондуктан операция жасалган.

ИИБ маалыматына караганда, уруш жер талаштан улам чыгып, эки тарап бири-бирин күнөөлөп арыз жазып жүрүшкөн. Айылдын элдери көбүнчө жаштар К.Бнын үй-бүлөсүнө нааразы болуп сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып кетип, аягы ок атышуу менен аяктаган.

Учурда аталган окуяны иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД